Жатындын миомасы деген эмне?

1

Жатындын миомасы деген эмне?

Жатындын миомасы бул зыянсыз шишик, ал жатындын жылмакай булчүңдарынын клеткаларынан өңүгөт. Оору жетимээрлик таркалган, ал 85% аялдарда кездешет, бирок оорунун белгилери 30-40% аялдарда гана байкашат. Калган учурларда белгиси билинбейт жүрот. Жаш өскөн сайын көбүрөөк кездешет. Оорунун көпчулүгү 35-45 жаштарга туура келет. Бирок азыркы убакта миомалар бир топ “жашарды” жана 20-25 жаштагы жаш аялдарда кездеши баштады.

2

Түрлөрү боюнча классификациясы

Көбүнчө миомалар көп болушат жана көлөму боюнча эң эле кичинекейден абдан/чоң көлөмдө кездешип, курсак кондойүнүн көп болүчүн ээлеми мүмкүн. Жатындын бир эле убакта бир нече жаны пайда болгон миомалар өнүчүшү мүмкүн. Алар жатында оорун алышы боюнча томонкудой классификацияланат:

  • Интрамуралдык (булчуңаралык, интерстициалдык) жатындын миому, ал органдын капталынын теренинде орун алат; өтө көп кездешет. Мындай миома өтө чоң көлөмгө жете бербейт, анын көбүнчө белгиси болбойт.
  • Субмукоздук (былжыр чел астындагы) миома. Матка кондойунун былжыр челинин алтында оруп алат. Мындай миоманын негизи кенен же ичкебутчадан өсөт, ал жатындын моюнчасындагы канал аркылуу кийнче (влагалище) “төрөлүп” чыгат. Так ушундай миомалар айыз колүүнү көбөйтөт, анын айынан аял көп кан жоготот, жатындын кан ачуулар, тукумсуздук, бойдон түшүүлөр, маалынан эрте (ай күнүнө жетпей) төрөөлөр болот.
  • Субсероздук (карын май астындагы) миома. Бул жатынды сыртынан каптан жургон тышкы катмарында, курсак көңдөйу тараптан орун алат. Субсероздук миомалар да кенири негизде же буттарда өсүшөт. өтө чоң миомалар жонүндө айтсак алар “коонго” же “дарбыздай” болушу мүмкүн, алар субсероздук түйүнү болот. Аралаш (интрамуралдык-субсероздук, интрамуралдык-субмикоздук) түрлорү да кездешет.

3

Жатындын миомасынын себептери

Жатындын миомасынын пайда болуу тобокелдик факторлору төмөнкүлөр:

  • Гормоналдык бузулуулар жана өнөкөй бойго бүтпөөчүлүк
  • Семиздик
  • Сезгенүү оорулары
  • Аборттон жана жатындын ичин кыруулар,
  • Генетикалык божомолдорлор.

Ошондой эле эки негизги теориялар бар, бирок алардын бири да ишемдүү далилге эмес:

1. Эмбриондук теория – бузулуулар бала курсактагы кезинде эле болуп өтөт деп божомолдойт. Жатындын жылма булчуңдуу клеткаларды узак убакыт бою (38-аптага) өсүнүн өнүгүүсү бутпойт жана туруксуз абалда ( ал эми табарсыктын жана ичигинин жылмакай булчуңдуу 16-эле аптада жетилишет) ошондуктан дефектердин өңүгүү табакелдиги жогору

2. жаракаттануу (травматическая) теориясы ылайык миома төрөт убагында акушердик кол ыкмаларын олдоксон аткарылгандыктан жана бойго болуулардын аз болуусу мүмкүн.

4

Жатындын миомасынын белгилери

Белгилери ар түрдүү, төмөндогүлөрү көбүнчө таркаган:
  • Көп жана узакка келген этек кири.
  • Аз кандуулук.
  • Көлөмү чоң миомалар табарсыкты же түз ичегини кысып, заара кылууну жана зандоону бузат.
  • Жамбаштын оорушу.
  • Ичтин кобүүсү, ичигинин кысылуусу.
  • Тукумсуздук.

5

Кан ачуулар жана айызы келүүлөр

Айыздын узака жана көп келүүсү Кантип көп же аз кетусуу кобунчо туйундун оскон жеринен, анан түйүндүн көлөмүнон көз каранды болот. Субмуказдук миомалар башкаларга караганда коп кан кетуунун (айызы көп келүүнүн) себеби болушат. Кээде интрамуралдык миомаларда коп кан кетүүсү мүмкүн. Этек киринин көп жана узака келүүсүнүн айынан темир жетишпестиктен аз кандуулук келип чыгат, алы кетүү, баштын оорушу, маанайдын чогүүсү жана көнүүл буруусунун начарсыгы менен коштолот. Ошондой эле миома этек коринин келүүсүндө оорукчандык менен кошталат. Озунчө айта кетуучу нерсе айыздын айлар ортосунда жана менопаузадан кийинки кан кетуулордун миомаларга тиешиси жок.

6

Жатындын чоңоюп кетуусу

  • Жатындын көлөмүнүн чоңоюсу миомага жараша болот, бул жамбаш ичинде басым жогорулап, курсактагы ылдыйкы болүчүнүн колому чоноет. Түйүндүү миома симетриялуу эмес болбогондуктан ал кээ бир убактарда органдардын жана ткандарды канат (өзгөчө субсероздук жана интрамуралдык миомаларда). Бул тез-тез заара кылуу, табарсыктын толук бошобогондой сезим, зандын катуусу, беядин оорушу өңдүү белгилерди пайда кылат.

7

Тукум өңдүрүүчүлүк функциянын бузулуусу

Субмуказалык ошондой эле интрамуралдык миомадар, жарым жартылай жатындын ичине корип бойго бүтүүгө проблемага алып келет жана бойдон түшүү тобокелдигин жогорулатат.
  • Жыныстык катнашта ооруксунуу (диспареуния)
  • Жатындын миомасынын белгилери жана симптомдору
  • Ичтин курч оорусу
Оору, декенин табынын жогорулоосу, кол менен кармаганда (пальпация)жатындын оортушу – бул чанда кезденүүчү симптомдор жатындын миомасынын дегенерациясынын (өзгорүүсүнүн) натыйжасында болот. (мисалы, миоманын бутчасы толгонгондо жана түйүн өлө баштагоонда)

8

Миоманын бойдо болууга таасири

Каш бойлуу кезде шишиктин көлөмүнүн өзгөрүусү гормондордон көз каранды болот, бирок гормондордун денгээли. Кош бойлуулуктун ар бир убактысын өзгорулуп турат. Кош бойлуулуктун алгачкы мезгилинде (көбунчо 8 аптага чейн) прогестерондун пайда болуусу жогорулайт, бул жатындын бир болсо да чоңоюусунун себеби болот. Кош бойлуукту үчүнчү үч айлыгында (триместр) бул гормондун саны азият, ушуга байлыныштуу шишиктин өсүсү турукташат. Анын өстүнө миомасы аныкталган келечектеги апа кош бойлуу мезгилинде такой медициналык байкоодо болуусу керек.

Туура дарылашуу, диагнозду туура коюу үчүн гинекологко жазылыныз!

Сизге специалисттин консультациясы керек болсо:


+996 555 710 865

Наш Instagram

Наш Facebook